Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Зеленский Орусия "өз карамагына алганын" айткан Купянскка барды


Украинанын президенти Владимир Зеленский Купянск шаарында.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Купянск шаарында.

Украина президенти Владимир Зеленский Харьков облусундагы Купянск шаарына келди. Ушул эле күнү украин армиясы бул багытта ийгиликке жеткени маалым болгон.

Президент шаардын кире беришинен кайрылуу жасады.

"Бүгүн фронтто ийгиликке жетүү абдан маанилүү. Анткени фронттогу ийгиликтер Украинага дипломатияда да жыйынтык алып келет. Согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрүндө биздин позициянын күчтүү болушу ички жеңиштерден башталат", - деди Зеленский.

12-декабрда түшкө маал Улуттук гвардиянын "Хартия" корпусунун командачылыгы Купянск багытында абалды турукташтыруу боюнча операция жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, украин аскерлери Оскол дарыясына чейин жетип, орус армиясын курал-жабдык менен камсыздоо жолун тосуп коюшкан. Андан тышкары Купянск районундагы Кондрашовка, Радьковка айылдары жана алардын айланасы, ошондой эле Купянсктын түндүк тарабындагы бир катар кварталдар бошотулган.

Фронттогу абалды көзөмөлдөгөн DeepState долбоору да орус күчтөрү Купянск ичинде "курчоого алынганын", шаардын түндүк-батыш бөлүгү толугу менен тазаланганын жана операция уланып жатканын билдирет.

20-ноябрда орус армиясынын Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов Владимир Путин менен өткөн жыйында Купянск "бошотулганын" айткан. Бирок Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул маалыматты четке кагып, Купянск украин армиясынын көзөмөлүндө экенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG