Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Трамптын Орусиядан да, Украинадан да көңүлү калганын Ак үй билдирди


Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө байланыштуу Украинадан да, Орусиядан да көңүлү калды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитке таянып Bloomberg агенттиги жазды. Анын айтымында, Трамп “жөн эле жолугушуулардан чарчады”, ага “сөз эмес, иш керек”.

Кийинчерээк Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Вашингтон Киев жана Москва менен тынчтык келишимине абдан эле жакындап калганын айтты.

Президент кошумчалагандай, тынчтык планы “төрт же беш бөлүктөн” турат.

Мурдараак, декабрдын башында, Орусиянын президенти Владимир Путин да India Today басылмасына курган маегинде АКШ 28 жободон турган алгачкы планды төрткө бөлүүнү сунуштаганын айткан.

"Аймакты кандайдыр бир жол менен бөлүштүрүү жөнүндө сөз болуп жатат. Бул оңой нерсе эмес", - деген Трамп мындай келишим “миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калышы мүмкүн” экенин баса белгиледи.

АКШ президенти 13-декабрда Европа жана Украина өкүлдөрү менен өтчү тынчтык планын талкуулай турган жыйынга Вашингтон “жакшы мүмкүнчүлүк бар” деп эсептесе гана катышарын айтты.

Axios басылмасы жазгандай, жыйын Парижде өтөт. Ага Франция, Германия, Британия жана Украинанын өкүлдөрү катышат.

Украина президенти Владимир Зеленский буга чейин журналисттерге билдиргендей, Вашингтон Украинадан Донецк облусунун Киев көзөмөлдөп турган бөлүгүнөн аскерлерин чыгарып, ал жерде “демилитаризацияланган” же “эркин экономикалык” аймак түзүүнү сунуштоодо.

Зеленский бул маселе боюнча акыркы сөздү украин эли өзү айтышы керектигин билдирген.

Президент белгилегендей, Донецк облусунун келечеги жана Запорожье АЭСинин макамы тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү эң оор, чечилбей турган маселелердин бири бойдон калууда.

Анын айтымында, Орусия “бүтүндөй Донбассты көзөмөлүнө алгысы келет”, ал эми АКШ “Украина буга кандайдыр бир формада макул боло турган вариант” издеп жатат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG