"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Укук коргоочулар эмне себептен артка кайтарылганы тууралуу расмий комментарий бериле элек. “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму муну жарандардын ээн-эркин кыймылын чектөө, укук коргоочулардын укугунун бузулушу катары сыпаттап, тынчсыздануусун билдирди.
Дүйнөдө аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканы БУУнун соңку баяндамасында айтылды. Анда өткөн жылы дүйнөдө 83 миң аял киши колдуу болгону, анын 60 пайызга чукулу жакындарынын колунан ажал тапканы көрсөтүлгөн. Өз үй, өлөң төшөгү кыз-келиндер үчүн эң кооптуу жай болуп калганы белгиленеген.
Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодон кийинки арыз-даттануулар териштирилүүдө. Президенттик администрация бир топ мыйзам бузуу болгонун билдирди, алган добушу же аймактык комиссиянын чечими күмөн санатып жаткан талапкерлер акыйкаттыкты талап кылууда.
Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн 2-декабрда билдирди. Мекеме мыйзам долбоорунда Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталганын түшүндүрдү.
Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн 2-декабрда билдирди.
Буга чейин орус бийлиги башка дагы бир катар платформаларды бөгөттөгөн. Бул жагдай борбор азиялык мигранттардын баарына маселе жаратууда. Тажикстан буга альернатива катары өзүнүн алгачкы улуттук ORIZ мессенжерин сунуштады.
Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусу 26-ноябрда "Ынтымак Ордодо" өттү.
Акыркы жылдары катаал мамиледен жана согуштан улам Орусиядан миңдеген кыргыз мигранттары чыгып кетти. Бул маселе кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда көтөрүлүп, каралышы керек дешет серепчилер.
Киевдин мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Украинадагы согушта орусиялык күчтөрдүн тарабында cогушуп жүрүп каза болгон теги кыргызстандык делген 143 кишинин тизмесин жарыялады. Кыргызстандын расмий органдары бул тизме боюнча комментарий бере элек.
Жаңы окуу жылы башталганына эки ай өтсө дагы Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатканын айтып даттанууда. Мектепке кире албай калган мигранттардын балдары үчүн быйыл Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби ачылган, анда 900гө жакын бала билим алууда.
Өзбекстанда немис тилинин курстарынын кадыры артууда. Тилди негизинен акыл-эси токтолуп калган, эмгекке жарамдуу адамдар окуп жатат. Алар Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын укугун тынымсыз бузган рейддерден улам иштей турган башка багыттарды издешүүдө.
17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооп Медианын” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести.
Кыргызстанда пластикалык хирургия соңку жылдары кеңири жайылды. Муну менен катар эле андан зыян тартканын айтып даттангандар да бар. Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери 20дан ашык арыз түшүп, 18 адам ботокс процедурасынан кийин ууланганын билдирген.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Азаттыкка” берген маалымат боюнча, бул өлкөдө мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңге жетти. Алардын 30 пайызы балдар.
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек менен Ош шаарларында "одоно мыйзам бузган" 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Бул чечим кеңири текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады.
Аскер прокуратурасы Жалал-Абаддагы аскер бөлүгүндө асынган абалда табылган жоокердин өлүмүн иликтей баштады.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай калган абалга жеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылды.
УКМК активист Тилекмат Куреновдун сотко беткап тагынып, таяк таянып, аксап келгенин анын өнөкөт омуртка оорусу (грыжа) менен байланыштырып, "тергөө абагында уруп-согушкан" деген сөздөрдү жокко чыгарды. Социалдык тармактарда активист беткап кийип, таяк таянып, аксап келаткан видео тараган.
Дагы жүктөңүз